Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Үч айда курулуш тармагынан бюджетке 5 млрд сом салык түшкөн
05.06.2025 | 11:15
2025-жылдын биринчи кварталында (январь-март) курулуш тармагынан Кыргызстандын бюджетине 5 млрд сом салык түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады.
Ал эми 2020-2024-жылдарды кошо эсепке алганда курулуш тармагынан түшкөн салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 30,5 млрд сомдон ашкан.
Жылдар боюнча курулуш тармагынан түшкөн салыктын көлөмү (жалпы 25,6 млрд сом):
- 2020-жылы – 1,8 млрд сом;
- 2021-жылы – 2,3 млрд сом;
- 2022-жылы – 4,2 млрд сом;
- 2023-жылы – 7,08 млрд сом.
- 2024-жылы – 10,3 млрд сом салык түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика