Үч өлкөнүн темир жолунун курулушу 25-августта башталат

Үч өлкөнүн темир жолунун курулушу 25-августта башталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл 25-августта башталарын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 21-июнда Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон “Ысык-Ата-1” кичи ГЭСинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Буюрса 25-августта биз ушул темир жолун курабыз (ред: куруп баштайбыз). Кыргызстан Советтер Союзу учурунда эң туюк өлкө болчу. Анткени Темир жол бизге келип токтоп калчу. Эми темир жол курулганы турат. Бул Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол. Бул жол менен жылына 15 млн тонна жүк өтөт деп атабыз. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин эсептеп бүттүк. Жакынкы 15-20 жылдын ичинде долбоор өзүн актайт. 30 жылдан кийин буюрса биз темир жолду өзүбүзгө алып, деңизге да, дүйнө жүзүнө да соода-сатык кылуу үчүн чыга алабыз”, — деди ал.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариевдин маалыматы боюнча, долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар болот.

Мунун тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Анын 51%ын Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>