Үч жылдан кийин Кыргызстанда насвайга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясынын координатору Рахатбек Мамыткожоев билдирди.
Анын айтымында, 3 жылдан кийин өндүрүүчүлөр насвай чыгара албайт. Анткени ага тыюу салынып, сатылбайт жана алынбайт.