Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Президент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды
23.02.2026 | 15:09

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик кызматкерлерге жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, ички иштер министри Улан Ниязбековго «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы ыйгарылды. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы дайындалган жетекчиси Жумгалбек Шабданбековго «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы ыйгарылды.
Ошондой эле «генерал-майор» жогорку аскердик наамы:
- Намазов Акылбек Закировичке,
- Шадыбеков Уранбек Амановичке,
- Отонбаев Тариэль Зарылбековичке,
- Шаршеев Талайбек Имашовичке,
- Талипов Талантбек Медербековичке,
- Эрбаев Алишер Ташбаевичке ыйгарылды.
Мындан тышкары Бектурганов Малик Маамыталиевичке «юстициянын генерал-майору» атайын наамы берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат