Үй куруу үчүн берилген жерге башка объект салып алса, эмне болот? Расмий жооп

Үй куруу үчүн берилген жерге башка объект салып алса, эмне болот? Расмий жооп

Үй куруу үчүн берилген жер тилкеге тамдын ордуна курулган коммерциялык объекттер түрттүрүлүүгө тийиш. Бул тууралу Жогорку Кеңештин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева там салууга берилген жерге үйдүн ордуна ишкана, соода-сатык үчүн дүкөн сыяктуу объект куруп, жерди башка багытта колдонгондорго кандай чара көрүлөрүн сурады.

Суроого Мамкурулуш агенттигинин өкүлү Бакай Турдугулов жооп берип: «Ал жер тилкесинин функционалдык багытын бузуу болуп саналат. Андай объекттер көйгөйлүү болуп, түрттүрүлүшү керек», — деди.

Турдугулов учурда өлкөдө турак үй үчүн берилген жерлерге башка объекттер салынган учурлар көп экенин мойнуна алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>