Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Казак ишкери Камчы Көлбаевге айына 1 млн сом жөнөтүп турган
05.06.2024 | 13:10
Казакстандык ишкер, «Вертекс Голд» компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип жатат.
Комитеттин маалыматында, Жуманбаев Көлбаевдин жардамы менен алтын казуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу тармагындагы ишканаларды иштетип келген.
“Ал ай сайын кримтөбөлгө 1 млн. сомдон которуп турган. Жуманбаев Көлбаев менен жолугушуу үчүн «Барс» эс алуу борборуна жеке учагында учуп келген”, – дейт УКМК.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен казак ишкери сыртынан камак алынып, ага “Интерпол” улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал