Үйдү документин бербей сатып жиберишкен. Чүйдө эки аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Үйдү документин бербей сатып жиберишкен. Чүйдө эки аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Чүй облусунда «Лалафо» тиркемеси аркылуу жаранга турак үйдү алдап сатып жиберүүгө шектелип 61 жана 34 жаштагы эки аял кармалышты. Бул тууралуу аталган облустун милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө К.М. аттуу жаран (аял киши) кайрылып, 2024-жылдын 22-июнунда «Лалафо» тиркемеси аркылуу О.Ч. аттуу жаран аны алдап, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан турак үйдү 2 млн 602 миң 500 сомго документтери жок сатып жибергенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 61 жаштагы О.Ч. жана 34 жаштагы М.Ч. аттуу жарандар (аял кишилер) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө кармалган жарандар алдын ала сүйлөшүп алышып, «Лалафо» аркылуу жогорудагы жабыр тарткан жаранга айыл чарба багытындагы жер участогунда жайгашкан турак үйдү алдоо жолу менен сатып, бир ай ичинде документтерди беребиз деп убада берип, бирок аны аткарышпаганы белгилүү болгон.

Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>