Айыл чарба министрлиги эт сатууну каалаган жарандарга малды касапканаларда гана союуну милдеттендирүүнү, болбосо айып салууну пландап жатат.
Тиешелүү мыйзам долбору бүгүн, 18-ноябрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында каралды.
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улукбек Кожобергеновдун айтымында, министрлик эт сатууну каалаган жарандарга малды үйүндө эмес, касапканаларда союуну милдеттендирип, бул талаптарды аткарбагандарга айыппул салууну көздөп жатат. Бул мыйзам долбоору өзү үчүн мал сое турган жарандарга тиешелүү эмес.
Учурда өлкөдө уруксат кагазы бар 90 касапкана иштеп жатат. Андан тышкары талапка жооп бербеген 20 касапкананын иши токтотулган.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, бул чара элдин коопсуздугу үчүн, оорулуу малдын эти сатыкка чыгып кетпеши үчүн жасалууда.
Депуттаттар жарандар малды касапканага алып барып сойдура турган болсо, эттин баасы кымбаттай тургандыгын айтып, министрликтин сунушун колдогон жок. Алар мыйзам долбоорун артка кайтарып, толуктап иштеп келүүнү тапшырды.