Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат
Үйүрүнөн бөлүнүп калган тоо текенин улагы зоопаркка жөнөтүлдү (ВИДЕО)
28.12.2021 | 12:21
Видеосу тарап кеткен Талас облусундагы тоо текенин улагы Каракол зоопаркына берилди. Бул туурасында “Альянс Алтын” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, компаниянын кызматкерлери иштен келе жатып жолдон үйүрүнөн адашып калган тоо улагын көрүп калышкан.
“Биз аны кармап алып, Жаратылыш ресурстары министрлигине байланыштык. Министрликтин адистери эртең менен келип, жаныбарды текшерүүдөн өткөрүштү. Тоо текенин улагы 6 айлык экен, атайын кароонун жыйынтыгында дени-карды соо болуп чыкты”– деп билдиришти “Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери.
Буга чейин социалдык тармакта кайсы бир аймакта жолдон тоо текенин улагын атайын формачан кишилердин кармап жаткан видео тараган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар