Бишкек: Таштандыларды сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат

Бишкек: Таштандыларды сактоо долбоорун украиналык компания ишке ашырат

Таштандыларды жер алдына сактоо, чогултуу боюнча пилоттук долбоорду  украиналык «Диасон» ЖЧКсы жеңип чыкты. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жеңүүчү компания 3 жер астындагы таштандыларды сактоо жана чогултуу системасын орнотот. Ар бир система 4 таштанды контейнер менен жабдылат.

Бул заманбап технологиялар таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай мамиленин аркасында шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшү жакшырат.

Ошондой эле атайын сигнал системасы катуу таштандыларды өз убагында алып чыгууга мүмкүндүк берет. Таштанды контейнерлеринин жана участоктордун жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө салым кошот. Тамак-аш калдыктарынын чириндилеринен эч кандай жыт болбойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>