Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ылдам жүрүүчү поезд менен: Садыр Жапаров Пекинге барды
03.09.2025 | 10:00

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын борборуна келди. Мамлекет башчы Тяньцзинден Пекинге ылдам жүрүүчү поезд менен барды.
Темир жол бекетинин аянтчасына кызыл килем төшөлүп, тосуп алуучулар сапка тизилди. Кыргыз жана Кытай желектерин кармаган балдар президентти кубануу менен тосуп алышты.
Бүгүн, 3-сентябрда, Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган чоң Парадга катышат. Ошондой эле ал Кытайдын жогорку жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар