Бишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды
«Үмүт жана Ко» компаниясынын ээси эки айга камалды
22.08.2022 | 11:08
Курал-жарактар, ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-августунда Журат Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге камакка алынган.
Буга чейин УКМКдан белгилешкендей, 19-августта «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалган.
Атайын кызмат андан «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом