Аскердик техника, курал-жарак, акча: Бишкекте ири бизнесмен кармалды

Аскердик техника, курал-жарак, акча: Бишкекте ири бизнесмен кармалды

Курал-жарактар, ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири А.Ж.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, анын үйүндө жана жумушунда жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында атайын техника – сооттолгон-чалгын унаа («БРДМ-2»), 7,62 калибрлүү «Калашников» мылтыгы, жардыруу каражат (Ф-1 гранатасы), ок-дарылар жана башка куралдар жана акчалар табылган.

УКМКдан белгилешкендей, А.Ж.Т. агрессияга жакын болгондуктан аталган курал-жарактарды чогултуп жүргөн.

Учурда Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар белгиленген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>