Ырчы Даниель эсиңиздердеби? Ал беш жыл тыныгуудан кийин кайрадан сахнага кайтты

Ырчы Даниель эсиңиздердеби? Ал беш жыл тыныгуудан кийин кайрадан сахнага кайтты

Акыркы беш жылда шоу-бизнес чөйрөсүнөн алстай түшкөн Даниель сахнага кайтты. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.

Ал беш жыл бою сахнадан алыстап кеткенин айтып, кайрадан чыгармачылыгына жаңы дем менен киришерин белгилеген.

«Чыгармачылыктан алыстаганыма беш жылдан ашты. Бул аралыкта менин күйөрмандарым унутуп калса керек деп ойлогом. Жакында жаңы ырларым, идеяларым менен кубантам. Менде баары жакшы. Жакшы көрөм. Баарыңарга рахмат!», — деп жазган ырчы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>