Ырысбек Мааткабылов: Суунун башында турабыз деп мактанбай, дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого көңүл буруу керек

Ырысбек Мааткабылов: Суунун башында турабыз деп мактанбай, дыйкандарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоого көңүл буруу керек

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен өзгөчө кадыр баркка ээ болгон талапкерлердин бири Ырысбек Мааткабылов экени айныксыз. Анын  алдына койгон реалдуу, конкретүү жана келечектүү пландары бар. Ал пландарын ишке ашырууга тажрыйбасы, кесипкөйлүүлүгү жана билими жетиштүү. Анын жетекчилигинин алдында борбор калаадагы «Аламүдүн» базарынын инфраструктурасы жакшыртылды. Бүгүнкү күндө соодагерлерге ыңгайлуу эмгек шарттар түзүлүп, кардарларга сапаттуу тейлөөлөрдү көрсөтүлүүдө. Мындан улам ал эмгектин бардык баскычтарын басып, ысык-суугун көргөн аткаруучу экенин өзгөчө белгилей кетүү керек. Себеби ал дал ушул базарда контролер-аудитор катары эмгек жолун баштап, базардын башкы директорлугуна чейин жетип, бүгүн аталган базарды өнүктүрө алды. Бир гана ишкерлик менен алек болбостон, мамлекеттик кызматтарды дагы аркалап, ишинде чоң ийгиликтерге жетише алганын баса белгилей кетүү керек. Айрыкча өлкөнүн инфраструктурасын, социалдык абалын жакшыртуу, муктаждарга кайрымдуулук кылуу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Андан сырткары спорт тармагын кеңири колдоого алып, сергек жашоону даңазалап, улуттук спорт оюндарын өнүктүрүүнү салым кошууда. Мындан улам Кыргызстандын тарыхый-улуттук дөөлөттөрүн коргоо, жаш таланттар менен өнөр адамдарын колдоо, ар кандай маданий иш-чараларды ишке ашыруунун башында туруп, коомчулукка кыргыздын патриот жигиттеринин бири катары таанымал экенин сыймыктануу менен айтсак болот.

Турмуштун ысык-суугун көргөн, эл арасынан чыгып ЖКнын депутаттыгына ат салышып жаткан талапкер Ырысбек Мааткабылов менен келечектеги пландары тууралуу маек курдук.

— Сизди Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин ичинен эң ийгиликтүү ишкер, кайсы учурда болбосун жардамга кол сунган адам катары жакшы билебиз. Мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошуп, элге кандай кызмат көрсөтсөм деген ой-максат, тилектер менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жатасыз?

— Мени өлкө экономикасындагы оор абал, жумушсуздуктун күн сайын күч алып жатышынан эмгекке жарамдуу жаштарыбыздын чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатышы жана социалдык теңсиздик мени түйшөлтөт. Бул маселелерди карап отура берүү мен үчүн өтө оор. Ошондуктан башкы максатым көп жылдык тажрыйбама таянуу менен өлкөмдүн өнүгүшүнө жана элимдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга салым кошуу. Мындан тышкары карапайым элдин укуктук кепилдиктерин жакшыртуу, ошондой эле көп жылдык тажрыйбамда кезиккен көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөнү максат кылып жатам.

— Эми маегибиздин өзөгүн сиздин шайлоо алдындагы программаңызга бурсак. Сиздин программада өлкөнү өнүктүрүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча эмнелер каралган, кандай максаттарыңыз бар?

— Мен шайлоо алдындагы программам жөнүндө айтардан мурда бир нерсени белгилей кетсем. Өзүм көп жылдан бери Свердлов районунда ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келе жатам жана аймактын эскилиги жеткен жолдору менен тротуарлары, баш аламан курулуштар, бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылуусу, эс алуучу жайлардын жетишсиздиги ж.б маселелер жөнүндө жакшы билем. Мына ошондуктан бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жогорку Кеңеште муниципалдык кызматтар менен бекем алака түзгүм келет. Бул биздин райондун эле эмес, бүтүндөй шаардын көйгөйлөрүн тезирээк жана натыйжалуу чечүүгө жардам берээрине терең ишенем.

Ал эми программамда көп жакшы долбоорлор, сунуштар каралган. Мисалы, программада өлкөбүз үчүн эң маанилүү жана зарыл болгон социалдык жардам алууну жеңилдетүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылып, аларга шарт түзүү, жакырчылыкты жоюу, кичи жана орто бизнести колдоо, айыл чарба, логистика жана IT-технологиясы тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу жана туризм тармагын өнүктүрүү сыяктуу жакшы долбоорлор бар. Булар шайлоо алдындагы программамдын негизин түзөт. Ошондой эле мугалимдер менен дарыгерлерге жетиштүү деңгээлде маяна төлөө, бардык жарандарга медициналык тейлөөнү, сергек жашоо үчүн спорт менен машыгууну жеткиликтүү кылуу артыкчылыктуу багытым болот.

 — Ырысбек мырза, Кыргызстан агрардык өлкө дейбиз, программаңызда айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кандай идеялар камтылган?

 — Программамда кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулган. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү чакан жана орто ишканаларды ачуу керек. Себеби биз азыр айыл чарба продукцияларын чийки сырье бойдон эле сатып жатабыз же сата албай калсак чирип кетүүдө же малга тоют кылып берүүдөбүз. Мисалы, бүгүнкү күндө алмадан шире чыгарып жатабыз. Бирок өтө аз көлөмдө. Ширени экспортко чыгармак түгүл ички рынокту толук камсыз кыла албайбыз. Камсыз кылуу үчүн жерлерди кластерлерге бөлүп иштетүү керек. Мисалы, бул аймак мындай сорттогу алманы, башка аймак башкасын өстүрүү керек. Бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл. Советтер союзу маалында Чүй өрөөнүндө кант кызылчасын өстүрүү жогорку деңгээлде болчу. Союз тарагандан кийин кызылчаны кайра иштетүүчү заводдорубуз толук кандуу иштей албай келет. Себеп, дыйкандарыбыздын эмгек акысы акталбайт. Алар мурдагыдай көп көлөмдө кызылчаны айдабай калышты. Анткени мамлекеттик айдоо жерлерди элге үлүш-үлүш кылып таратып берип салдык. Анан дыйкандарыбыз жерди иштетейин десе, өлкөдө жетиштүү деңгээлде айыл чарба техникасы, сапаттуу үрөн жок болуп, күйүүчү май кымбат болууда. Айыл-чарба тармагынын өнүкпөй жатышынын бирден бир себеби ушул. Муну менен катар ирригация тутумун өнүктүрүү шарт. Биз суунун башында турабыз деп мактанабыз. Тилекке каршы, сугат мезгилинде суу тартыш болуп, дыйкандар ойдогудай түшүм ала албай калууда. Ошондуктан дыйкандарга чындап эле колдоо көрсөтөбүз десек, анда айдоо аянттарына суу жеткирүү үчүн курулмаларды орнотуп, тамчылатып сугаруунун жаңы ыкмаларына жайылтуу зарыл. Болбосо, айдоо аянттарына сугат суу арык аркылуу жеткенче эле суунун 30-40 пайызы орто жолдон эле жерге сиңип, жок болуп кете берет. Ошондуктан сууну үнөмдөөнү жолун өздөштүрүшүбүз керек.

Пандемия маалында Кыргызстан үчүн тамак-аш маселеси өзгөчө билинди. Чек аралар жабылганда ун, шекер, суу май жана башка продуктулар жетишпей калды. Дагы бир-эки ай чек ара жабылганда өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болмок. Чек аралар ачылып, продуктулар өлкөгө кирип баштады. Бирок биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн айыл-чарба тармагына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Тагыраагы, айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн мыйзамдарды жакшыртып, фермерлерге жеңилдетилген насыяларды узак мөөнөткө беришибиз зарыл. Мисалы, Түркияда фермерлерге үстөк пайызы жок насыяларды, айыл чарба багытындагы техникаларды берет.  Ошол сыяктуу жолдорду биз да караштырып, биз да фермерлерге жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди кылышыбыз зарыл. Мындан тышкары өндүрүүчү же дыйкан өндүргөн продукцияларын каякка алып барып сатам деп башын оорутпашы керек. Эң негизгиси айыл-чарба продукцияларыбыз экологиялык жактан таза деген брендди сактап, өндүргөн азыктарыбызды чет өлкөгө сатышыбыз зарыл. Бизге чоң-чоң заводдорду куруунун деле кереги жок. Кытай анын барын куруп койгон. Курган күндө деле Кытайга теңтайлашып, аларга туруштук бере албайбыз. Ошондуктан жогоруда айтып кеткендей эле, эт багытында, сүт багытында мал багам деген фермерге, дыйкандарга жеңилдетилген кредиттерди бериш керек. Башка мамлекеттерди алып карасак, бизнесмендерге эң эле көп дегенде 2-3 пайыз үстөк менен насыя берет. Бизде болсо, кредиттин үстөк пайызы 16га чейин жетип жатпайбы. Бул ишкерди жардан ары түртүү деген сөз. Ошондуктан насыялардын пайыздарын төмөндөтүү керек.

— Сиз Жогорку Кеңешке депутат болуп келсеңиз эң алгач кайсы маселелерди көтөрөсүз?

— Эң биринчи ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүп берүүбүз зарыл. Мисалы, ишкерлер өндүрүүчү завод, ишкана курса, анда мамлекет аларга электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен бериш керек. Анткени ошол керектелген энергиянын баасын төлөйм деп, кээ бир өндүрүш ишканалары толук кандуу иштеп кете албай жатат. Өзүмдүн тажрыйбаман эле алсам, учурда Балыкча шаарына этти кайра иштетүүчү комбинат куруп жатабыз. Жакынкы арада ишке кирет. Ошол комбинатты куруп жатканда электр энергиясына, канализацияга кошулууда бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болдук. Ошондуктан министрлер кабинети ишкерге баардык тараптан ыңгайлуу шарттарды түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтүшү керек. Депутаттар болсо, бул багыттагы мыйзамдарды чыңдап бериш керек.

— Дагы кандай маселелерге көңүл бурасыз?

— Билим берүү маселеси да мени көп ойлондурат. Биз ачып жаткан эт комбинатына технолог керек болуп, бирок биз Кыргызстан боюнча этти кайра иштетүү багыты боюнча технолог таба алган жокпуз. Биз технологго 500 доллардан 2 миң долларга чейин жакшы маяна төлөп берели десек да, адис табылбай койду. Айла жок, акыры аягында биз андай адисти Украинадан таптык. Дагы бир мисалды айтсам, таштандыларды ташып чыгаруучу жаңы унааларды айдаганга профессионал айдоочуларыбыз жок болуп жатат. Ошондуктан биз кесиптик билим берүүнү мекемелерин реформалап, замандын талабына ылайык келген адистерди (инженер, технолог ж.б.) даярдап чыгышыбыз керек. Себеби азыр ишкана ачсаң, жаңы техникалар менен иштегенди билген адистер жок болуп жатат. Ошондуктан бул маселеге көңүл буруу күндүн талабы болууда. Жаштардын туура билим алуусуна багыт берип, алардын жаңы иш орундары менен камсыздалышына шарт түзүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу шарт. Мындан тышкары ата-эне баланын тандоосун да сыйлай билүү керек. Алар өздөрү каалаган окуу жайдан билдим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү шарт. Айрымдар баласы экономист же юрист болууну каалабастыгына карабастан, аларды экономист, юрист болосуң деп, 5 жыл ЖОЖго контракт төгүп окутууда. Анан беш жылдан кийин баласы университетти бүтүрүп, ата-энесинин колуна дипломду алып келип берет да, өзү башка кесиптин ээси болуу үчүн кайра окуйт же башка жумуш издеп кетүүдө. Мына биз ушинтип убактыбызды пайдасыз иштерге коротуп жатабыз.

Парламентке депутат болуп келсем, кесиптик окуу жайларды керектүү жабдуулар менен камсыздоо жана ага көзөмөл жүргүзүү боюнча иштерди алып барам. Мындан тышкары окуу жайлар менен ишкерлердин ортосундагы келишимди карап чыгыш керек. Башкача айтканда, студенттер окуп жүргөндө эле заводдорго, ишканаларга ж.б жактарга барып, практика кылып, ал жактан тажрыйба топтон жана өзүн көрсөтө алган студенттерди окууну аяктары менен дароо ишке ала тургандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек деп эсептейм.

— Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социалдык жактан камсыз кылуу үчүн эмне кылыш керек деген ойдосуз?

— Эң биринчиден аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумуш орундары менен камсыз кылышыбыз керек. Аларга жумуш орундарын түзүү жакырчылыктан чыгуунун жолу. Муну менен катар социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу шарт. Анткени билим аркылуу караңгыда көз тапса болот. Ошондуктан жаштарды жакшы окууга чакырат элем. Жакшы окуган адамдын келечеги кең болоорун турмуштук тажрыйба көрсөтүүдө.

Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, (коомдук транспортто же көчөдө жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, жумуш орундары менен камсыз кылуу) аларды камкордукка алыш керек.  Мен депутат болуп парламентке келсем, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөн гана жардам бербестен, аларды мамлекеттин камкордугуна алуу, жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча иш алып барам. Алардын бизден айырмасы жок экенин элибизге тастыктап берем. Аларда иштеп, мамлекетибизге пайда алып келет. Ошондуктан аларды жумуш орундары менен камсыз кылсак, алар биздин жардамга муктаж деле болбой калат.

— Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, алдыга коюлган ой-максаттарыңыздын баары орундалсын.

— Чоң рахмат. Сизге да бекем ден соолук, узун өмүр жана иштериңерге ийгилик каалайм.

Урматтуу шайлоочулар! Алдыда өтө турган шайлоодо ар бир добуш берүүчү жарандарыбыз эң татыктуу талапкерге добуш беришин каалайт элем. Себеби, элдин көйгөйүн терең билген, иштин көзүн билген жаратман, жаш лидерлерге добушуңуздарды бериңиздер. Себеп, беш жыл аралыгында өлкөбүз, шаарыбыз үчүн көп жакшы иштерди аткарып, элдин жашоо-турмушун жакшыртсак болот. Ошондуктан урматтуу бишкектиктер ар бир добушуңуздарга кайдыгер карабаңыздар. Эгер сиздер мага ишенип, добушуңуздарды берсеңиздер, анда мен сиздердин ишеничти актап, бишкектиктердин жайбаракат жашоосу үчүн иштөөгө даярмын.

Ырысбек Мааткабыловдун бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги номери 4.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж.25-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>