Өкмөт жыгачты ЕАЭБден сырткары ташып чыгууга тыюу салууну узартты2025-жылы Кыргызстанда 715 млн долларга 119 өнөр жай объектиси ишке киргизилдиКыргызстанда үч жогорку окуу жай Кыргыз улуттук университетке кошулат. Өкмөт токтом кабыл алдыКыргызстандын түштүгүндө эки көмүр кени ишке кирдиПакистандан келе жаткан 21 тонна уй эти өлкөгө киргизилген жокБишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер уюштурулууда
Ысык-Ата районунда 16 жаштагы Хадича изделүүдө
21.09.2021 | 14:53
Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгы 2005-жылы туулган Хадича Болотбекованы издөөдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустун борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал ушул жылдын 15 -сентябрында Айдаров көчөсүнүн боюндагы Жайылма айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы орто узундукта, көзү күрөң.
Болжолдуу түрдө ал ак көйнөк, кара түстөгү юбка жана ак бут кийим кийип жүргөн.
Анын эч кандай өзгөчөлүктөрү жок: оң бетинде кичинекей кара сызык бар.
Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы барларды ИИМ телефон аркылуу кабарлоону суранат: 0 (703) 73-75-53, 0 (708) 10-8 1-10.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом