Ормонов: «Коопсуз шаардын» максаты каражат чогултуу эмес

Ормонов: «Коопсуз шаардын» максаты каражат чогултуу эмес

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйында депутат Улугбек Ормонов «үч буттуу» деп аталган «Коопсуз шаар» долбоорунун мобилдик аппарат комплекстерине эскертүүчү жол белгилерин орнотууну милдеттендирип, «Вега» компаниясы менен болгон келишимге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, аталган долбоордун максаты айдоочулардан каражат чогултуу эмес, жол коопсуздугун жакшыртуу.

«Күн сайын жол кырсыгынан коронавируска караганда көп адамдар каза болууда, ал эми кырсыктардын санын азайтуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй келет, ага пандемия менен күрөшүүгө жумшалгандай миллиондогон долларлар бөлүнбөйт», — деди Ормонов.

Комитеттин депутаттары аталган долбоорун ишке ашыруучу «Вега» компаниясы менен түзүлгөн келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоп, жооптуу мамлекеттик түзүмдөр» «үч буттуу» аппараттын жайгашуу картасын веб-сайтка жайгаштыруу боюнча компромисттик чечимди аткара электигин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 2GIS жана «Яндекске» үн эскертүүлөрүнүн тиркемесин киргизүүгө тийиш экенин белгилешти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>