Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайтСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирди
Ысык-Атада мал сарайда чыккан өрттөн 18 бука күйүп кетти
11.06.2025 | 11:53
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында мал фермадан ири өрт чыгып, 18 бука күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай, 2 миң түк чөп, ошондой эле сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 баш бука сакталып калган.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар