КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди
11.06.2025 | 11:36
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбековдун ант берүү аземи болуп өттү.
Табылды Муратбеков мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келди.
Табылды Муратбеков 1994-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Эске салсак, ушул жылдын 28-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат