Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында бүгүн, 28-майда турак үйдөн өрт чыгып, үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат таңкы саат 07:00дөр чамасында келип тушкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жалынды кошуна жайгашкан турак үйлөргө өткөрбөй сактап калышкан.
Жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.