ӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат
Кыргызстанда Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен мигранттарды окутуу борбору түзүлөт
28.05.2025 | 13:02
Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору Эми Поптун иш сапарынын алкагында Кыргызстанда мигранттарды кетээр алдында окутуу жана реинтеграциялоо боюнча биринчи борбор түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Минкабдын маалыматына ылайык, долбоор МЭУ менен биргеликте ишке ашырылып, чет өлкөгө иштөө үчүн кетип, мекенине кайтып келген жарандарды окутууга жана колдоого багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушууда миграциялык процесстерди санариптештирүү маселеси да талкууланды. Тараптар миграцияны башкаруу жаатында кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Рубрики: Жаңылыктар