14-ноябрь күнү саат 23:49да Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Темир Канат айылында 2,5 балл жана Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.