«Ысык-Көл» аэропорту толкун формасындагы жаңы терминалга ээ болот

 «Ысык-Көл» аэропорту толкун формасындагы жаңы терминалга ээ болот

Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун аймагында жаңы аэровокзал комплексинин курулушу уланууда.
“Кыргызстан аэропорттору” маалымдагандай, курулуштун долбооруна ылайык, толкун формасындагы үч кабаттуу имарат курулат. Бул анын көгүлтүр Ысык-Көлгө жакын жайгашканын символикалуу түрдө чагылдырып турат.

Архитектуралык өзгөчөлүгүнөн тышкары, мындай форма комплекске заманбап жана динамикалуу көрк берет.

Маалыматта белгиленгендей, жаңы терминал жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн заманбап инфратүзүм менен жабдылат. Ага панорамалуу терезелер менен камтылган кенен күтүү залдары, каттоо жана текшерүүнүн алдыңкы системалары, ошондой эле эс алуу аймактары кирет. Ошондой эле долбоордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз шарт өзгөчө көңүл бурулган.
Жаңы аэровокзал комплексинин ишке кириши Ысык-Көлдүн туристтик жагымдуулугун гана жогорулатпастан, Кыргызстандын транспорттук потенциалын да бекемдейт деп күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>