Ысык-Көл облусунун тургундары суу менен камсыздоо маселесин көтөрүштү

Ысык-Көл облусунун тургундары суу менен камсыздоо маселесин көтөрүштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында үчүнчү Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугуп, айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, алар көтөргөн көйгөйлөрдү жергиликтүү деңгээлде чечүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга облус жетекчилиги, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин өкүлдөрү, район акимдери, дыйкандар жана курултайдын делегаттары катышты. Иш-чарада калктуу пункттарды таза суу менен камсыздоо, ирригациялык системаларды жакшыртуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, жайыттарды пайдалануу, соода-логистикалык борборлорду түзүү, экспортту, жеңилдетилген насыяларды, ветеринарияны көбөйтүү маселелери талкууланды. Көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ысык-Көл облусунда үчүнчү Элдик Курултайда айыл чарбага байланышкан маселелер көтөрүлгөн. Негизги көңүл сугат сууга, таза суу менен камсыз кылууга бурулду. Ошондой эле БДР жана БСР суу каналдарын куруу жана оңдоо боюнча маселелер көтөрүлдү.

Жыйынтыгында аткарылууга тийиш болгон тапшырмалар белгиленип, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырмалар берилип, конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Буга чейин мындай жолугушуулар Баткен, Ош,

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>