Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж» пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы котеджде чыккан өрттү өчүрүштү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен.
Жеринде 2- бөлүм куткаруучу иш алып барып, өрттү саат 16:57де чектөөгө алуу менен толук түрдө саат 18:27де өчүрүштү.
Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.