Ысык-Көл районунун 6 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

Ысык-Көл районунун 6 миң тургуну таза суу менен камсыз болду

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жаңы суу түтүктөрү орнотулуп, 6 миң тургуну ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бүгүн, 4-июнда аталган айылда бул окуяга карата салтанаттуу иш-чара болуп, ага айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышкан.

«Бул системанын ачылышы 6 миңден ашуун айыл тургундарынын жашоосундагы жаңы баракчанын башталышы болуп саналат. Алар эми күн сайын таза, ичүүчү суу менен камсыз болуп, күнүмдүк тиричилиги жеңилдейт», — деп билдирген ал иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө.

Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашкан. Анда таза суу менен камсыз кылуунун бардык инфраструктурасы каралып, суу түтүктөрүн тышкары 331 көзөмөлдөөчү кудук жана 1 128 суу эсептегич орнотулган.

Министр мындан тышкары өлкө боюнча 226 калктуу конушта таза суу жеткирүү долбоорлору ишке ашып жатканын билдирген.

«Кыргызстан боюнча 226 калктуу конуштарда тазу суу долбоорлору ишке ашып жатат, анын ичинен 92 айылда курулуш иштери аяктады, 74 айылда курулуш иштери жүрүп жатат, 60 айыл боюнча долбоордун документтери даярдалып жатат. Бул долбоорлордун жалпы бюджети 250 млн долларын түзөт»,- деген ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>