Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Ысык-Көлдө адашып калган эки израилдик турист куткарылды
11.08.2025 | 15:25

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылынын тоолуу аймагында адашып кеткен эки чет өлкөлүк жаран табылып, коопсуз жерге жеткирилди.
ӨКМдин маалыматына караганда, 2001-жылы туулган Я.Э. жана 2003-жылы туулган Е.У. аттуу Израиль жарандары 11-августта тоодо жол таппай калган.
Издөө иштерине Тоо-кен куткаруу кызматынын №7-өзүнчө мобилдештирилген взводунан төрт куткаруучу тартылып, туристтер Керме-Тоо жайлоосуна чейин жеткирилип, туристтик топко өткөрүлүп берилди.
Абалдары канааттандырарлык.
Рубрики: Жаңылыктар