Баткен облусунда ата-энесинен ажыраган 13 бала жер тилкесин алды«Кесипти эмне кыласың, баары бир турмушка чыгасың»: бир ооз сөз келечекти кантип уурдайтУКМК бажы кызматкерин кармады: жарык берүүчү мамылар металл сыныгы катары катталганКыргызстанда көмүрдүн баасын кармап туруу үчүн дизелдик күйүүчү май ташууну субсидиялоо сунушталуудаКыргызстанда балдар мекемелеринин жанында кооптуу товарларды саткандарга 65 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталуудаКыргызстанда исламдык автокамсыздандырууну кадимки ОСАГОго теңөө сунушталууда
Ысык-Көлдө адашып калган эки израилдик турист куткарылды
11.08.2025 | 15:25

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылынын тоолуу аймагында адашып кеткен эки чет өлкөлүк жаран табылып, коопсуз жерге жеткирилди.
ӨКМдин маалыматына караганда, 2001-жылы туулган Я.Э. жана 2003-жылы туулган Е.У. аттуу Израиль жарандары 11-августта тоодо жол таппай калган.
Издөө иштерине Тоо-кен куткаруу кызматынын №7-өзүнчө мобилдештирилген взводунан төрт куткаруучу тартылып, туристтер Керме-Тоо жайлоосуна чейин жеткирилип, туристтик топко өткөрүлүп берилди.
Абалдары канааттандырарлык.
Рубрики: Жаңылыктар