Ысык-Көлдө айыптарын төлөбөй жүргөн жолтандабаска чара көрүлдү

Ысык-Көлдө айыптарын төлөбөй жүргөн жолтандабаска чара көрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында терезелери мыйзамсыз караңгылатылган “Lexus GX470” үнаасынын айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар ЖКККББнын басма сөз кызматына Каракол шаарында терезелери мыйзамсыз караңгылатылган жана 39 миң сом төлөнбөгөн айып пулдары менен “Lexus GX470” үлгүсүндөгү унаа  жол эрежесин бузуп жүргөндүгүн билдиришип, чара көрүүнү суранышкан.

Бул маалымат боюнча Ысык-Көл  облусунун жол тескөөчүлөрү ыкчам аракеттерди көрүшүп, эреже бузган авто унааны таап, терезелерин уруксатсыз караңгылатып алгандыгы  үчүн 20 миң сом айып салып, төлөнбөгөн айып пулдары үчүн айып короо жайына токтотушту.

ЖКККББ эгерде көчөдөн эреже бузуу фактыларына күбө болгон жарандарды (0777) 102-102 ватсап номуруна жөнөтсө болорун эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>