Ысык-Көлдө беш тоо эчкисин атууга шектелип егерь кармалды

19.09.2025 | 18:03

Ысык-Көлдө укук коргоо кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ачылыкка шектелип жергиликтүү егерь кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милиция кызматы мыйзамсыз аңчылык фактысын аныкташкан. Маалыматка ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын егери болуп иштеген К.А. Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык кылып, 5 тоо текени атканы тастыкталган. Окуя болгон жерден тоо текелердин баштары жана терилери табылып алынган.

Егерге Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын олжолоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top