Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргиздиДемократтар АКШ Конгрессин көзөмөлгө алышты — Трамп үчүн кесепеттериОш жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөтДастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралуу
Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ берүү токтотулат
19.09.2025 | 19:30

23-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз» кабарлады.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо болот:
- Джал-29 кичи району, Тыналиев көч., Масалиев көч., Жайыл Баатыр көч., Репин көч., Садырбаев көч., Валдай көч.
«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом