Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Ысык-Көлдө дайынсыз болгон 17 жаштагы кыздын сөөгү Кеминден табылды
30.09.2025 | 10:23
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Анын сөөгү Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык аймагынан табылды.
Маалыматка караганда, кыз 27-сентябрь күнү түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Жакындары кечинде милицияга кайрылышкан.
Ысык-Көл облустук милициясынын билдиришинче, кылмышка Бишкектин 41 жаштагы тургуну шектелүүдө. Ал кызды зордуктап, кийин өлтүрүп, сөөгүн таштап кеткен деп айтылууда. Шектүү борбор калаада жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлүп, камакка алынды.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

