Ысык-Көлдө дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт (программасы)

30.07.2025 | 17:54

1-3-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде дүйнөлүк “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы өтөт.

Фестивалга дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн 130дан ашуун салттуу музыкалык искусство ишмерлери: музыканттар, изилдөөчүлөр, эксперттер, продюссерлер катышат. Алар өз элдеринин кайталангыс музыкалык жана маданий каада-салттарын, руханий мурастарын коомчулукка тартуулашат.

“Рух Санат” фестивалынын программасына ылайык үч иш-чара өтөт:

Эл аралык сынак

Сынакка 15 өлкөдөн 84 профессионал аткаруучулар жана чыгармачыл топтор тандалып алынып, катышат. Сынак 1-2-августта болуп өтөт, 3-августта жеңүүчүлөрдүн Гала-концерти жана сыйлоо аземи болот. Бул сынак дүйнө жүзүндөгү оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун кесипкөй музыканттарын бир аянтчага  бириктирип олтурат.

Эл аралык конгресс

Конгрессте дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 100дөн ашуун илимпоз-окумуштуулар материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана трансформациялоо жаатындагы заманбап көйгөйлөрдү оффлайн жана онлайн форматта талкуулашат.

Маркет аянтча

Маркет – бул чыгармачыл жамааттар, кол өнөрчүлөр, аткаруучулар, продюсерлер жана фестивалдарды уюштуруучулар үчүн түзүлгөн интерактивдүү аянтча. Мында шоу-кейстер, тез жолугушуулар (speed meeting) жана ар кандай презентациялар өткөрүлөт. Бул аянтчага 14 өлкөдөн 38 катышуучу менен жолугууга болот.

Рух Санат” фестивалынын программасы төмөнкүдөй:

1-август:

  • Саат 09:30да — Фестивалдын катышуучуларынын парады менен башталат.
  • Саат 20:00дө — Негизги сахнада расмий ачылыш аземи жана жандуу, тематикалык театралдаштырылган кече өтөт.

2-август:

  • Күн бою конгресс, сынак жана мастер-класстар уланат.
  • Кечки саат 19:00дө — дүйнөлүк салттуу музыка алып жүрүүчү музыканттардын концерттери, шоу-кейстер өтөт.

3-август:

  • Саат 10:00дөн баштап — ICTMDнин аймактык кеңешинин жыйыны өтөт.
  • Кечки саат 20:00дө — Фестиваль Гала-концерт менен расмий жыйынтыкталат.

Фестивалдын толук маалыматы менен ruh-sanat.com сайтынан таанышууга болот.

“Рух Санат” фестивалы Министрлер кабинети, Маданият министрлиги, Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, Түрк мурасы жана маданияты фонду жана Кыргыз улуттук “Манас” театры тарабынан уюштурулууда.

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, бул иш-чара маданий туризмди өнүктүрүү жана Кыргызстанды дүйнөлүк аренада таанытуу максатында ар эки жылда бир жолу өткөрүлүп турмакчы.

Scroll to Top