Ысык-Көлдө ишмердүүлүгү токтотулган 12 пансионаттын тизмеси
Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо үчүн тез арада кийлигишүү зарылдыгынан улам келип чыккан.
Ысык-Көлдө бир катар пансионаттар экологиялык нормаларды сактабагандыктан көлдү булгануу коркунучунда турат. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттардын тизмеси:
– «Дальний Кардон» пансионаты – Семёновка айылы;
– «Смена» пансионаты – Корумду айылы;
– «Белек» пансионаты – Бостери айылы;
– «Алтын кум» пансионаты – Бостери айылы;
– «Взморье» пансионаты – Бостери айылы;
– «Асыл-Таш» пансионаты – Бостери айылы;
– «Ой-Керемет» пансионаты – Кош-Көл айылы;
– «Золотой-Требас» пансионаты – Кош-Көл айылы;
– «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору – Тору-Айгыр айылы;
– «Кооператор» пансионаты – Чок-Тал айылы;
– «Чолпон-Ата» эс алуу үйү – Чолпон-Ата шаары;
– «А.Чалжанов» конок үйү – Бактуу-Дөлөнөтү айылы.
Жергиликтүү бийлик тыюунун сакталышын катуу көзөмөлгө алып, экологиялык абалга, анын ичинде Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң шаарларында жана Түп райондорунда мониторинг жүргүзүүнү улантат. Нормаларды бузган пансионаттар аныкталган бузууларды жоюу жана өз ишин мыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз