Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Ысык-Көлдө катуу шамалдан улам 1,4 млн сом зыян келтирилди
13.04.2025 | 14:01
Тоң районунун Туура-Суу айылында катуу шамалдан улам үйлөрдүн чатырлары, тосмолору жана социалдык объектилер жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, келтирилген зыян 1 миллион 436 миң сомдон ашык болсо, анын ичинен социалдык обьектилер 101 миң сом зыянга учураган.
11-апрелден 12-апрелге караган түнү шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге чейин жеткен. 35 турак жай (анын 29у камсыздандырылган), 26 чарбалык имарат жана үч социалдык объект, анын ичинде мектептин кампасы, фельдшердик-акушердик пункттун имараты жана күнөскана чатыры жабыркаган.
Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, келтирилген зыянды аныктоо актысы түзүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика