Ысык-Көлдө кичи автобус оодарылып кетип, 6 адам жабыркады

05.07.2022 | 09:52

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 4-июлда саат 20:50 чамасында Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 83-чакырымында катталган. Анда “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан.

Жабыркагандарды “Тез жардам” кызматы менен Тоң райондук ооруканага алып кетишкен. Кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Тоң райондук №38 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

[image_carousel source=”media: 142405,142406,142407″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top