Ысык-Көлдө кичи автобус оодарылып кетип, 6 адам жабыркады

Ысык-Көлдө кичи автобус оодарылып кетип, 6 адам жабыркады

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 4-июлда саат 20:50 чамасында Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 83-чакырымында катталган. Анда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан.

Жабыркагандарды «Тез жардам» кызматы менен Тоң райондук ооруканага алып кетишкен. Кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Тоң райондук №38 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>