Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду
02.10.2025 | 10:33

Бүгүн, 2-октябрда саат 6:43тө Ысык-Көл облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Аталган институттун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу 20 чакырым тереңдикте, Жетим-Бел кырка тоосунда жайгашкан. Ал Кажы-Сай айылынан 52 чакырым түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-батышты көздөй болгон.
Сейсмологдордун айтымында, жер титирөө Кыргызстандын калктуу аймактарында сезилген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар