Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Ысык-Көлдө Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды
14.08.2025 | 11:40

Ысык-Көлдө ар жылы өтүүчү Кыргыз-Россия экономикалык форуму расмий түрдө ачылды.
Ачылышында белгиленгендей, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 3,9 млрд долларды түздү. Кыргызстанда орус капиталы катышкан 1 400дөн ашык ишкана иштеп, 20 миң жумуш орду түзүлгөн. Экспорттун жалпы көлөмүндө Россиянын үлүшү 25% болду. Ошондой эле 7 млрд долларлык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.
Форумга Кыргызстан, Россия, Афганстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандан миңден ашуун өкүл катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар