Ысык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулат

28.07.2025 | 12:48

Кыргызстанда эң ири күн электр станциясы Ысык-Көлдө курула баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдап, курулуш иштери расмий түрдө башталганын ырастады.

Маалыматка караганда:

  • Станциянын долбоордук кубаттуулугу — 1 900 мегаватт
  • Курулуш иштери 2027-жылы толук аякташы пландалууда
  • Долбоорду чет элдик инвестор каржылап жатат

Салыштыруу үчүн айтсак, өлкөдөгү эң ири ГЭС болуп саналган Токтогул суу электр станциясынын жаңыланган кубаттуулугу 1 440 мегаваттка жетет. Демек, Ысык-Көлдө курулуп жаткан күн станциясы бул көрсөткүчтөн дагы жогору болот.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, станция ишке кирсе, Кыргызстанда кайра жаңылануучу булактардан алынган электр энергиясынын үлүшү кыйла жогорулайт жана энергетикалык коопсуздук бекемделет.

Ысык-Көл районунун бул бөлүгүнө күн электр станцияларын куруу тууралуу соңку бир нече жылдан бери айтылып келген. Эми ал пландар иш жүзүнө ашып жатканы белгилүү болду.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top