Ысык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда

08.12.2025 | 10:26

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков азыркы Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык объектинин курулушу тууралуу маалымат берди. Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясы (КЭС) курулуп жатат.

Салыштыруу үчүн айтсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1440 МВтты түзөт.

Анын айтымында, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

«Бул жерде жаңы энергетика жаралып жатат. Кыргызстанда биринчи жолу кубаттуулугу боюнча өлкөнүн ири ГЭСтерине тең келген, жадагалса алардан ашып түшкөн күн электр станциясы ишке киргизилет», — деп билдирди Рысбеков.

Долбоорду Энергетика министрлиги менен биргеликте «РЕЦА» ЖЧКсы ишке ашырууда. Станцияны ишке киргизүү — Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана «таза» энергияны иштеп чыгуунун көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө багытталган.

Scroll to Top