Кыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керек
Манас шаары жана Сузак району: №11 округдагы шайлоонун жыйынтыгы чыкты
08.12.2025 | 10:00

Борбордук шайлоо комиссиясы №11 көп мандаттуу шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.
Токтомго ылайык, аталган округдан төмөнкүлөр Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды.
- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);
- Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);
- Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %).
№11 шайлоо округу боюнча 75 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 155 миң 495 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 44 106 шайлоочу, же 28,36% катышкан.
Аталган округга Жалал-Абад облусунун Манас шаары жана Сузак районун бардык аймактары киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат