Ысык-Көлдө УКТга тиешеси бар адамдардын үйүндө тинтүү жүрдү

16.10.2023 | 21:35

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча ички саясий багытын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында, анын идеологиясын жана финансылык жана материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу демонтаждоо катары УКМК, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте кылмыш иши тергелүүдө, анын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар төмөнкү адамдардын жашаган жериде тинтүү иштери жүргүзүлдү:

1976-жылы туулган О.А.К., 1995-жылы туулган И.Б.Т., 1996-жылы туулган Э.Э.Э., 1963-жылы туулган К.Н.А., 1986-жылы туулган Т.у.К., 1970-жылы туулган Ж.Т.К., 1976-жылы туулган М.М.И., 1976-жылы туулган С.Т.К., 1971-жылы туулган К.Р.К., 1956-жылы туулган А.К.Ш. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

[image_carousel source=”media: 199459,199460,199461,199462,199463,199464″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top