Ошто 18 жашар жигит дарыканадан акча карактап кетти – видео  

Ошто 18 жашар жигит дарыканадан акча карактап кетти – видео  

Ош шаарында дарыканалардын биринде каракчылык жасаган 18 жашар жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 13-октябрда Ош шаарындагы А.Шакиров атындагы көчөдө жайгашкан дарыканалардын бирине түнкү саат 23.00 чамаларында кирип, дарыкананын сатуучусун белгисиз курал менен коркутуу менен 90 миң сом акча каражатын карактап алып кеткен жаран кармалды. Кармалган шектүү жаран Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну М.Р.  Мурда соттолгон эмес, иштебейт жана окубайт.

Шектүү 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү карактап алган акчалардын айрым суммасын өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Ал эми колундагы куралы   Макаров күжүрмөн тапанчасына окшош пневматикалыктапанча болгон. Курал далил буюму катары алынды.

Бүгүн 16-октябрда Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 ай камакта кармоо боюнча чечим чыгарды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>