Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады (видео)
03.07.2024 | 10:42
Ысык-Көлдүн Бостери айылында эки унаанын катышуусунда болгон жол кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсык 2-июлда болжол менен саат 07:10до Балыкчы – Ананьев -Каракол унаа жолунда болуп, Mercedes-Benz менен Kia K7 унаалары кагылышкан.
Жол кырсыгынын натыйжасында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жаракат алып, бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден көз жумган. Ошондой эле Kia K7 унаасындагы эки жаран жаракат алган.
ЖКККББ жол кырсыктардын алдын алуу үчүн жарандарыды эреже бузган айдоочулар тууралуу 0777 102 102 номерине дароо кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом