Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Ысык-Көлдө жол кырсыгында 27 жаштагы айдоочу каза болду
13.11.2025 | 13:57
Жети-Өгүз районунун Балтабай айылында коркунучтуу жол кырсыгы катталып, 27 жаштагы айдоочу каза болду. BMW X5 жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын лобовой кагылышуусу Балыкчы—Боконбаево—Каракол автоунаа жолунда орун алды.
Ысык-Көл ОУБДДнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 11-ноябрда BMW унаасы алдыдагы унааны озуп өтүүгө аракет кылып, жеңил автоунаа менен кагылышкан. Натыйжада Mercedes-Benz унаасынын 27 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан. Жыйналган материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди — бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар