Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдаштыУлуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталат
Ысык-Көлдө жол милиция кызматкерлери үйдөн чыккан өрттү өчүрдү (видео)
07.06.2024 | 17:06
Ысык-Көл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Ой айылында үйдөн чыккан өрттү өчүрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол милициясынын кызматкерлерине чет элдик туристтер кайрылып, үйдүн чатыры күйүп жатканын билдирген. Кызматкерлер дароо өрт чыккан үйгө барып, тилсиз жоону өчүргөн.
Үйдүн ээси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом