Ысык-Көлдө эки аэропорт жаңыланат. Жаңы жетекчи аймакка барды

Ысык-Көлдө эки аэропорт жаңыланат. Жаңы жетекчи аймакка барды

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын директору Манас Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сапардын максаты «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун иштеринин жүрүшүн текшерүү болду. Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандары тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышып өттү.

«Ысык-Көл» аэропортуна болгон иш сапар учурунда М.Самидинов аба майданынын баардык кызматкерлери менен жолугушуп, сууролоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизация жана жаңыртуу иштеринен өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат.

Жолугушуугун жыйынтыгында аэророрт кызматтарынын жетекчилерине алдыга коюлган маселелерди кыска мөнөттө чечүүгө буйрук берди.

Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүү менен таанышты.

Эске салсак, аталган аба майданда жаңы аэробекет курулуп жаткан учур. Пландарга ылайык объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.

Иш сапар алкагында аймактык аэропортторго көңүл максималдуу түрдө бөлүнөрүн Манас Самидинов белгилеп өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>