Ысык-Көлдөн 6000 метр браконьердик балык торун алып чыгышты
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жана коомчулуктун активистери менен бирдикте, браконьердик балык торлорун тазалоо боюнча эки күндүк рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тазалоо иштери 29-30-июнь күндөрү Түп районунун Өрүктү жана Ой-Тал айылдарынын көл жээгинде жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлер жана коомдун активисттери көлдүн үстүнөн 6000 метр узундуктагы браконьердик балык торун алып чыгышты.
Алынган торлор Балыкчы шаарынын жеке ишканасына кайра иштетүүгө өткөрүлүп берилди.
Мындай иш-чаралар облустун башка райондорунда дагы өткөрүлөт.
[image_carousel source=”media: 142002,142003,142004″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]