Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери уланууда

Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Көлдү тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында президенттин жарлыгы менен башталган. Былтыр суучулдар көлдөн 22 миң 545 килограмм ар кандай таштандыларды жана 218 миң 100 метр балык уулоочу торлорду алып чыгышкан.

ӨКМдин маалыматына ылайык, быйыл Ысык-Көлдөн 40 миң метр балык кармоочу торлор жана 6 тоннага жакын ар кандай таштандылар чогултулган.

Учурда мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы деле токтобой келет.

Адистер белгилегендей, Ысык-Көлдүн таштандыга толушуна эс алуучулардын олуттуу «салымы» бар. Себеби алар жээкке калтырып кеткен таштандыларды шамал көл жакка учуруп кетип, алар суунун түбүнө чөгүп кетет. Адистер жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>